• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Дональд Трамп камалды

14 Кулжа 2023 17:07 Бишкек Govori.TV

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Майамидеги федералдык соттун отуруму алдында камакка алынып, ага 37 бөлүктөн турган айып тагылды. Трамп бир дагы пункт боюнча күнөөсүн мойнуна алган жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Трамп Флоридадагы Мар-а-Ларго жеке резиденциясында улуттук коопсуздукка тиешелүү жашыруун документтерди мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда. Трамп жана анын мурдагы жардамчысы Уолт Наута айып тагылганга чейин кармалганын соттун өкүлү билдирди. Сот отуруму жабык өткөн.

Буга чейин Трамп Жо Байдендин администрациясын саясий куугунтукка айыптап, бир нече жолу өзүнүн күнөөсүз экенин жарыялаган.

Трамптын укуктук көйгөйлөрү анын республикачыл шайлоочуларынын арасындагы беделине доо кетирген жок. Дүйшөмбү күнү жарыяланган Reuters/Ipsos сурамжылоосу Трамп республикачылар арасындагы атаандаштарынан чоң айырма менен келе жатканын көрсөттү. Республикачыл шайлоочулардын 81% айыптоолордо саясий себеп бар деп эсептейт.

9-майда АКШда арачылар соту Дональд Трампты сексуалдык ыдык көрсөтүүгө айыптуу деп таап, журналист жана жазуучу Жин Кэрроллго беш миллион доллар айып пул төлөөгө милдеттендирген.

Количество просмотров: 110