АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын өмүрүнө кол салууга шектелген адам Пенсильвания штатынын 20 жаштагы тургуну Томас Мэттью Крукс экени аныкталды. Бул маалыматты The Washington Post Федералдык иликтөө бюросуна шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Трампка жыйын өтүп жаткан жерге 100 метрдей алыстыкта жайгашкан имараттын чатырынан AR-15 жарым автоматынан ок чыгарган. Атышуулардын айынан жыйынга келгендердин бири каза болуп, дагы экөө жарадар болгон.
Ал эми АКШнын мурдагы президентине кол салууга шектелген кишини жашыруун кызматтын кызматкерлери атып өлтүрүшкөн.