• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Дональд Трамптын 39 кабаттуу мейманканасы сүрдүрүлдү (видео)

18 Бирдин айы 202113:04 Бишкек Govori.TV


АКШнын экс-президенти Дональд Трампка таандык болгон 39 кабаттуу «Trump Plaza» мейманканасы сүрдүрүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка карганда, аталган мейманкана АКШнын Нью-Жерси штатындагы Атлантик-Сити шаарында жайгашкан. Аталган мекеме 1984-жылы май айында ачылып, шаардагы 10чу казино болуп калган. Бирок ал 2014-жылы жабылып калгандан кийин миңдеген адамдар жумушсуз калышкан.

Казино ишин токтотконуна байланыштуу ага ээлик кылуу Trump Entertainment Resorts компаниясына өткөн. Атлантик-Сити шаарынын мэри Марти Смолл өзүнүн администрациясына имаратты бузуу үчүн тапшырма бергени айтылды. Имараттын бузулушун көрүү үчүн шаар тургундары агылып келишкен.

Количество просмотров: 13903