• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Нукура кыргыздын баалуулуктары

27 Бугу 202518:01 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн түштүк аймагынан келген лидер айымдар катышты. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде “Нукура кыргыздын баалуулуктары” деген тема талкууланат.

Айымдар бүгүнкү эфирде акыркы учурлардагы кыргыздын баалуулуктары кандай жана кайсы нукта кетип жатканы тууралуу сөз кылышмакчы.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Гүльсана Эсенбаева — Коомдук ишмер, Аялдар демократиялык тармагынын координатору;
  • Орозгүл Суюнчуматова — Баткен районунун «Дилгир» балдар бакчасынын жетекчиси;
  • Кызайым Заирова — Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин жоопту катчысы.

Модератор —Кайыргүл Урумканова.

Коомдук ишмер Гүльсана Эсенбаеванын айтымында учурда кыргыз өз баалуулуктарын баалабай, айрым учурда аны унутуп калып жатат.

Эсенбаева кошумчалагандай, заманбап доорду эске алуу менен илгерки баалуулуктарды да кошо ала жүрүү керек. Ал кыргыздын улуттук кийимдерин заманбап жана ыңгайлуу кылып алса болот.

«Учурда ушул көйгөй, башка элдин каада-салтыбы, адатыбы ошого сүңгүп кирип кеткендей. Коомчулукта менин байкаганым же кыргыз боло албай, же орус боло албай жатканынан нукура кыргыз баалуулуктарын башкача көрсөтүп жаткандай. Кыргыздын кулк-мүнөзү, нарк-насили жогору. Чөйрөгө, табиятка болгон мамилеси өтө жогору болгон. Сөзгө катуу маани берген. Анан кыргыз кызга абдан аяр мамиле кылган. Кыз ошол үйдөн чыккыча ата-энеси, туугандары сый мамиле кылып келишкен. Азыр ошол кызга болгон мамилеге кээде капа болуп кетем», — дейт ал.

Баткенден келген Орозгүл Суюнчуматова кыргыздын баалуулуктарын сактоо жана кийинкиге өткөрүп берүү абдан маанилүү экенин айтып, муну бала бакчадан баштоо керек деген ойдо.

«Бакчада биз балдарды патриоттуулукка тарбиялайбыз. Көптөгөн иш-чараларды, тарбиялык сааттарды өткөрүп келебиз. Мисалы оюндар аркылуу, алсак, кыз куумай оюну менен эле биз балдарды кыргыздагы кыздардын орду боюнча тарбиялап койсо болот. Ошондой эле улуттук кийимдерди кийгенибиз менен, кыргыздын улуттук буюмдарын тааныштыруу менен тарбиялайбыз. Бала көргөндө жана аткараганда гана эсинде сакталып калат экен да. Мисалы, бизде бала бакчада бир жумалыкты боз үй жумалыгы деп атайбыз да ошого жараша тааныштыруу иштерин аткарабыз», — деди ал.

Сөзгө кошулган Кызайым Заирова: «Акыркы учурда улуттук кийим ар бир эле кыргызда бар болуп калды. Бул — кол өнөрчүлүк, аны кыргыз өтө баалап келген. Бешикке баланы бөлөгөндөн баштап кол өнөрчүлүк өнүгүп, коштоп келе жатат. Бешиктеги ар бир буюм, баланы ага салуу, булардын баарында өтө чоң маани бар. Анан бешик ыры да бул өтө чоң баалуулук жана чоң тарбия. Бул кыргыздын чоң баалуулуктарынын бири», — деген пикирин айтты.

Количество просмотров: 758