Бишкек.05.07.2019.Govori.TV.
Кыргызстанда акыркы убакта тамак-ашка ууланган учурлар көп катталууда.
Айта кетсек, “Дордой” базарында беш киши 5 киши ашлям-фу тамагына ууланды. Мындан тышкары, Токмок шаарындагы “Мегополис” тойканалардын биринен тойго келген коноктор массалык ууланууга дуушар болуп, дарыгерлерге кайрылышкан. Буга байланыштуу, Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери этият болууга чакырды.
“Жай мезгилинин келиши менен тез бузулуучу тамактарды сатып алууда жана колдонууда жарандарды сак болууга чакырабыз. Азык-түлүк сатып алууда сөзсүз жарактуулук мөөнөтүнө кароо керек”,-деди аталган мекеменин кызматкерлери.