• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

“Дордой” базарында уурулук кылган аял кармалды (видео)

1 Аяк оона 2022 14:45 Бишкек Govori.TV

Мурда бир нече жолу соттолгон аял уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шектүү “Дордой” базарында элдердин көптөгүн пайдаланып, уурулук менен алектенген. Жөнөкөй кийинген аялдан эч ким шек санабагандыктан, ал ушундан пайдаланып, жабырлануучулардын жанына барып, сумкалардан капчыктарды жана баалуу мүлктөрдү уурдап, анан изин жашырып кетип жүргөн. 13-август күнү “Дордой” базарында белгисиз адамдар 41 жаштагы аялдын сумкасынан баасы 140 миң турган “iPhone 13” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун уурдап кетишкен. Жабырлануучу милицияга кайрылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

«Милиция кызматкерлери видеокөзөмөлдү карагандан кийин, чөнтөк уурулугуна тиешелүү жаранды табышкан. Ал шектүүнүн башка дагы ушундай кылмыш иштерине тиешеси бар болушу ыктымал. Камерада шектүү уурдалган телефон менен тез кетип жаткандыгын көрүүгө болот. Ошондой эле, ал кайра башка бирөөнүн сумкасына уурулукка кирип жатканда байкалып калган. Кылмыш ишине шектүү катары Нарын облусунун 1976-жылы туулган аялды кармашкан. Ал мурда бир нече жолу соттолгон»,- деп айтылат маалыматта.

Аныкталгандай шектүү уурдалган телефонду сатып алуучуларга арзан баада сатып салган.

Количество просмотров: 1337