• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Дордойдогу» атайын операция жана К.Исаев. Кокустукпу же дал келүүбү?

12 Жалган куран 2018 11:30 Бишкек Govori.TV
Бишкек 12.03.2018 Govori.Tv
Улуттук коопсуздук комитети өткөн аптада «Дордой» базарында атайын операция жүргүзүп, мыйзамсыз иштер менен алектенип, казынаны 217 млн сом чыгымга учураткан деп беш салыкчыны жана жеке менчик компаниянын жетекчилерин камака алды.
Ошол камака алынган жеке менчик компаниянын беш жетекчисинин экөө Канатбек Исаевди коргоп жаткан жактоочу Азизбек Турдалиевдин уулдары болуп чыкты.
Азизбек Турдалиев 15 суткага УКМКнын тергөө абагына камака алынган уулдарына дагы юридикалык жардам көргөзүп, балдарынын күнөөсүз экендигин далилдеп бере ала тургандыгын айтып жатат.
«Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канатбек Исаев, шайлоо учурунда  президент Сооронбай Жээнбековго каршы иштеп, ошонун артынан камаката отурганын эске алсак.  Бул жерде логикалуу суроо туулду. Эмнеге УКМК капыстан эле «Дордой» базарына атайын операция уюуштурду? Анан эмнеге «Дордойдогу» миңдеген ишкердин арасынан Канатбек Исаевдин жактоочусунун уулдары камака алынып жатат?

 

Количество просмотров: 28