• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Тармактык комитет Индиядагы элчилик кызматка Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды

22 Үчтүн айы 201917:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Парламенттин эл аралык мамилелер боюнча комитети Кыргызстандын Индиядагы элчилик кызматына Асеин Исаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, депутаттар бир добуштан колдошту.

Асеин Исаев 55 жашта. Ал Урал мамлекеттик университетин жана Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин бүтүргөн, философия илимдеринин кандидаты.

Исаев 2015-жылдан бери Кыргызстандын Бельгиядагы, Нидерландыдагы, Люксембургдагы, Франциядагы элчиси, Кыргызстандын НАТО жана ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүлү болуп келген.

Количество просмотров: 54