• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Машыктыруучу Александр Крестинин «Дордой» футбол клубунан кетти

1 Жетинин айы 2021 18:36 Бишкек Govori.TV

«Дордой» футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Александр Крестинин кызматынан кетти. Бул тууралуу команданын расмий сайты жазды.

Бишкектик клуб машыктыруучунун иштен кетүү боюнча өтүнүчүн кабыл алган.

«Бул абдан оор учур. Ал эми мунун объективдүү себептери бар. Клубдагы, курама командадагы жумуш менен окууну айкалыштыруу абдан кыйын болууда. Ошондуктан, ар кандай туура эмес түшүнүктөрдү жана туура эмес чечмелөөлөрдү болтурбоо үчүн, мен расмий түрдө бул менин кетишимдин бирден бир себеби экенин айткым келет», — деди Александр Крестинин.

Эскерте кетсек, Александр Крестинин 2014-жылдан бери футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп келет. Ага удаа эле Бишкектин командасын машыктырган.

Количество просмотров: 1181