«Достук» мейманканасында «Садыр жана чындык» китебинин бет ачары өтүүдө
«Достук» мейманканасында «Садыр жана чындык» китебинин бет ачары өтүүдө
6 Бештин айы 2018 11:01 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 6-декабрда “Достук” мейманканасында «Садыр жана чындык» деген аталыштагы китептин бет ачары өтүп жатат.
Китеп белгилүү саясатчы Садыр Жапаровдун 50 жашка толгонун утурлай басылып чыкты.
Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декfбарда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Кыргызстандык саясатчы жана коомдук ишмер. Кумтөдөгү алтын өндүрүүчү Centerra Gold компаниясынын элге зыяны чоң экенин айтып чыккан депутат катары элдин эсинде калган.
Эскерте кетсек, экс-депутат Садыр Жапаров 11 жыл 6 айга камалган. Мындай чечимди 2017-жылдын, 2-августунда Биринчи май райондук соту чыгарган.
Жактоочунун айтымында, С.Жапаровго 4 берене: адам өлтүрүү үчүн барымталоо уюштуруу, бийликке каршы митинг уюштуруу, ээнбаштык жана Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айып тагылган.
«Сот биринчи 3 берене боюнча С.Жапаровду актады. Аны Эмилбек Каптагаевди барымтага алуу боюнча айыптуу деп таап, 11 жыл 6 айга каматты», — деген пикирин билдирген жактоочу.
Жактоочу чечимдин үстүнөн даттана турганын кошумчалаган.
Садыр Жапаров учурда абакта. Көпчүлүгү аны күнөөсүз темир тор артында камалып жатканын айтып келишет.