• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Куланак» ГЭСинин курулушун каржылай баштады

2 Бирдин айы 2023 14:23 Бишкек Govori.TV

Евразия реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен «Нарын» өндүрүш ишканасы «Куланак» ГЭСин курууну жана эксплуатациялоону каржылоо боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу ЕРӨБ басма сөз кызматы билдирди.

Документке банктын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Руслан Даленов жана ишкананын директору Кутубай Мурзабаев кол коюшту. Долбоордун баасы 117 млн 989 миң 262 долларды түзөт. Каржылоо ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан паритеттик негизде жүргүзүлөт. ГЭСти курууга 835 адис тартылат.

Жаңы объект Нарын дарыясынын жээгинде, Нарын районунун Куланак айылына жакын жалпы аянты 485,41 гектар жерге курулат. ГЭСтин кубаттуулугу жылына орточо 435 млн киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгаруу менен 100 мегаватт болмокчу.

«ГЭСтин ишке кириши Кыргызстандын Борбордук Азиядагы электр энергия рыногундагы позициясын бекемдеп, кубаттуулугу 40 мегаватт болгон бир гана ГЭС бар аймактагы энергия тартыштыгын азайтат», — деп белгиледи ЕАЭБден.

Долбоор «жашыл» деп тастыкталды — аны ишке ашыруу жылына 346,4 миң тонна парник газдарынын абага чыгарылышын алдын алат.

Количество просмотров: 92