• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Дубайда Кыргызстан менен Сириянын курамалары беттеш өткөрдү

7 Үчтүн айы 202416:55 Бишкек Govori.TV

Кыргызстан менен Сириянын футбол курамалары контролдук беттеш өткөрдү.

Оюн 5-январда Дубайдын «Шабаб Аль-Ахли» стадионунда тараптардын макулдашуусу боюнча жабык режимде өттү.

Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, беттеш улуттук кураманын 2023-жылкы Азия Кубогуна даярдыгынын алкагында өтүп, расмий эмес жана машыгуучу мүнөзгө ээ болду.

Оюн 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Улуттук кураманын жалгыз голун оюндун 48-мүнөтүндө Айзар Акматов киргизди.

«Ак шумкарлардын» Азия биринчилине болгон даярдыгынын алкагында кийинки беттеш Вьетнам курама командасы менен 9-январда Катарда өткөрөт.

Количество просмотров: 184