• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Дубайда лотереядан 1 млн доллар уткан казакстандык изделүүдө

24 Тогуздун айы 2019 14:23 Бишкек Govori.TV

Казакстандык Хуссаин Еремешев Дубайда өткөн Dubai Duty Free лотереясын сатып алып, 1 миллион доллар утуп алган. Бул тууралуу Gulf News жазды.

Маалыматка ылайык, казакстандык киши лотереяны интернет аркылуу сатып алган. Бирок уюштуруучулар ага жагымдуу кабарды угузуу үчүн аны менен байланышка чыга албай жатышат. Ошондой эле ал  Dubai Duty Free лотереясынан ири сумманы уткан экинчи казакстандык.

Кошумчалай кетсек, Лотереянын дагы бир жеңүүчүсү индиялык ишкер Камаласанан Надар Васу болду. Ал 35 жылдан бери Бириккен Араб Эмираттарында жашап, иштеп келет. Ал журналисттерге берген интервьюсунда миллиондун жарымын билеттин жарым акчасын төлөгөн досуна берерин айткан. Утуш алып келген лотереяны алар 270 долларга сатып алышкан.

Булак: «Sputnik Кыргызстан «

Количество просмотров: 164