• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Душанбеде банкирдин өлүмү боюнча сот уланууда

3 Үчтүн айы 2024 12:05 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын Жогорку сотунда «Ориёнбанктын» мурдагы төрага орун басары Шухрат Исматуллоевдин өлүмүнө айыпталып жаткан 14 жарандын иши боюнча сот процесси уланууда. Бул тууралуу «Озоди» радиосу кабарлады.

Маалыматка караганда, сот отурумдары тергөө абагынын имаратында жабык өтүүдө. 2-январда уланган отурумга адвокаттардан башка эч ким киргизилген жок.

Жогорку сот бул иш боюнча өтүп жаткан соттук угуулар тууралуу эч кандай комментарий берген жок. Буга чейин «Азия-Плюс» агенттиги өз булактарына таянып, кылмыш ишине «жашыруун» гриф коюлганын жазган.

Иштин материалдары былтыр 24-ноябрда сотко өткөн.

Белгилүү банкирдин барымтага алынышы жана өлтүрүлүшү Тажикстанда эң чуулгандуу кылмыштардын бири болуп калды. Былтыр 23-июнда кылмыштуу топ банкир Шухрат Исматуллоевди уурдап кетип, аны өлгүчө кыйнап, андан соң сууга ыргытып жиберген. Анын сөөгү дээрлик эки айдан кийин Зарафшон дарыясынан табылган.

Количество просмотров: 168