Тажикстандын баш калаасы Душанбе шаарында 8-декабрга караган түнү бир үй-бүлөнүн үч мүчөсү иске ууланып каза болду. Маалыматты өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар комитети ырастады.
Мекемеден билдиришкендей, кырсыктан шаардагы Хужамбиёи маалесинде жашаган 42 жаштагы аял, анын 18 жана үч жаштагы эки кызы каза болду.
Маркумдун жакындары «Озоди» радиосунун кабарчыларына комментарий берүүдөн баш тартып, алар жашаган үйдү видеого тартууга уруксат беришкен эмес.
Коңшулары үй ээси Орусияда иштеп жүргөнүн, улуу кызы турмушка чыгып кеткенин билдиришти.
Быйыл жыл башында Хатлон облусунун Кушониён айылында жубайлар иске ууланып каза болгон. Январда ушул эле облуста атасы жана анын беш жаштагы уулу иске ууланып өлгөнү кабарланган.
Тажикстанда сууктун түшүшү жана электр энергиясынын тартыштыгы фонунда жашоочулардын көбү үйлөрүн жылытуу үчүн көмүр жагат.