• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Душанбеде турак жай куруу эрежеси катаалдаштырылды

6 Теке 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

Душанбеде турак жай курган курулуш компанияларына талап күчөтүлдү.

Шаар мэриясы жылдык акча жүгүртүүсү 10 млн сомониден кем эмес (1 млн доллардан көбүрөөк) компаниялар гана көп кабаттуу турак жай кура алары тууралуу токтом чыгарды. Жылдык жүгүртүүсү 50 млн сомониден көп компаниялар болсо бир катар турак жай курууга уруксат алат.

Токтомдун текстинде мындай чечим юридикалык жактарды тандоодо ачык-айкындуулукту камсыздоо жана үлүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо үчүн кабыл алынганы белгиленген.

Соңку жылдары Тажикстандын борборунда жана башка шаарларында турак жай курулушу көбөйдү. Жашоочулар айрым компаниялар сапатсыз иштеп жатканын белгилеп келишет. Тажикстанда 2000ден ашуун курулуш компаниясы бар.

Количество просмотров: 116