• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Душанбеде январдагы катуу суук келтирген чыгымдар эсептелүүдө

6 Бирдин айы 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Тажикстандын «Турак жай коммуналдык чарба» мамлекеттик ишканасы январь айындагы катуу сууктан улам жарандарга келтирилген чыгымдарды баалай баштады. Анда Душанбедеги үйлөрдүн көбүнүн суу түтүктөрү жарылып, тургундар бир нече күн суусуз калышкан.

«Негизинен калкты суу менен камсыз кылууда жана канализация тармагында көйгөйлөр жаралган. Буга айрым үйлөрдөгү түтүктөрдүн тоңуп калганы себеп болгон. Ээлери имараттардын ичиндеги, жер төлөсүндөгү түтүктөрдү нормаларга ылайык орнотушкан эмес», – деди мекеменин башчысы Усмон Давлатзода.

Анын айтымында, үйлөрдүн ичиндеги түтүктөрдү оңдоо алардын милдети болбосо да, январдагы суук күндөрү тургундардын көйгөйлөрүн өз учурунда чечип беришкен. Бирок социалдык түйүн колдонуучулары суу менен камсыз кылууда жана түтүктөрдү оңдоодогу маселелерге даттанышкан. Мындай билдирүүлөрдү көбүнчө Душанбе шаарынын тургундары жазышкан.

«Турак жай коммуналдык чарба» ишканасынын Суу менен камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Тожиддин Исмоилов январь айында түрдүү диаметрдеги 660 суу түтүгү, 10 суу сордургуч жана үйлөрдөгү 4530 суу эсептегичтер оңдолуп, жалпысынан 364 авария учуру катталганын билдирди.

Тажикстанда адаттан тышкаркы суук быйыл 11-январда башталып, эки аптага жакын убакытка созулган. Ал шаар тургундарынан тышкары айыл жана мал чарбасына да зыян келтирген. Азырынча зыяндын көлөмү белгисиз, бирок тажик өкмөтү атайын түзүлгөн комиссия бул багытта иштерди улантып жатканын билдирди.

Количество просмотров: 57