• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Душанбенин четиндеги үйлөр түрттүрүлүүдө

10 Кулжа 2022 16:48 Бишкек Govori.TV

Душанбенин четиндеги Варзоб районунда бир нече маалелерде жеке үйлөр түрттүрүлдү.

Алар жергиликтүү администрациянын чечими менен көп жыл мурун үй курушканын, азыр баш паанексиз калганын айтышууда. Аткаминерлер бул райондордо үй куруу мыйзамсыз болгонун, ал жайлоого арналганын билдиришүүдө.

Варзоб районунун жашоочусу Фотима Акбарова үйүн жети жыл мурун салган.

“Азыр болсо бул жерде жайлоо болушу керек деп жатышат. Адамдын эмгегин баалашпайт. Мына карагылачы, үйдүн эки тарабын кулатышты. Эмне үчүн убагында айтышкан жок? Биз банктан насыя алганбыз, үй салганбыз, эми бизди эч ким уккусу келбейт”, — деди ал.

Жашоочулар жергиликтүү бийлик үйлөрүн, укук коргоо органдарынын, анын ичинде прокуратура кызматкерлеринин катышуусу менен түрттүргөнүн айтышууда.

Журналисттер мааледе 15тен ашуун үй толугу менен бузулганын санап чыгышты. Айрымдары жарым-жартылай түрттүрүлгөн. Жашоочулар тандалма саясат жүрүп жатканын, айрымдарынын үйү калып, айрымдарыныкы бузулуп жатканын айтышууда.

2020-жылы Тажикстандын Башкы прокуратурасы мыйзамсыз жер сатуу жана жалган документ жасоо айыбы менен 296 кызмат адамы жоопко тартылганын кабарлаган.

Количество просмотров: 811