Бишкек.19.07.2019.Govori.TV.
Дүйнөгө белгилүү актриса Джулия Робертс билдирүү жасап, айымдарды өздөрунун сырткы гана сулуулугуна көңүл бурбоосун айтты.
«Мыктылык-бул көптөр чалдыккан оору. Биз бетибизге сулуу болууну көздөп тонналаган макияж коебуз, ачка олтурабыз бир гана идеал деп саналган формаларга жетүү үчүн. Көбүнчө сырткы келбетке көңүл буруу менен биз ички жан дүйнөнү өнүктүрүүнү унутуп калып жатабыз. А бирок дал ошол ички дүйнө кылдат мамилени жана кам көрүүнү талап кылат эмеспи.
Мен бир гана нерсени түшүнгүм келет, кантип өзүбүздү сүйбөй туруп башкалардын сүйүүсүн талап кылабыз, күтөбүз?
Мен мындан ары макияж колдонбойм деп чечтим, бирөөнүн бөтөн жүзүн тагынгым келбейт. Маскаларды чечүүгө убакыт келди. Билем менин бырыштарым бар, бирок аларды көргум келет, себеби, ал менин чыныгы жүзүм»,-деп жазган актриса.
Мындан тышкары голливуд жылдызы баардык айымдарды сырткы чел кабыкка ашыкча көңүл буруудан алыс болуп, ички дүйнөнү өнүктүрүү керектигин белгиледи.