• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Джусупбекова: Абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт

8 Теке 2020 12:25 Бишкек Govori.TV

“2020-2021-окуу жылында КР ЖОЖдоруна жана КООЖдоруна абитуриенттерди кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты”, — деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова.

Анын айтымындад, онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.
Аны менен бирге, абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.

Количество просмотров: 117