• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Джусупбекова аймактык бөлүктөрдүн жетекчилери менен ЖРТ боюнча кеңешме өткөрдү

18 Бугу 2021 9:12 Бишкек Govori.TV

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана башка шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери, ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун өкүлдөрү менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аймактык бөлүктөрдүн жетекчилери республика боюнча ЖРТны өткөрүүгө жетиштүү деңгээлде даярдык көрүлгөнүн маалымдашты. Алар ЖРТ менен байланышкан бардык уюштуруу маселелери өз убагында жана толук чечилгенин айтышты.

Надира Джусупбекова азыр окуучулардын, алардын ата-энелеринин жана жакындарынын өмүрү, саламаттыгы баарынан маанилүү экенин белгилеп: “Пандемия шартында жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүүдө балдардын ден соолугунун коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги жана COVID-19 менен күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан сунушталган эрежелердин сакталышын, санитардык талаптардын аткарылышын катуу көзөмөлгө алышыбыз керек”, – деди.

Эске сала кетсек, бүгүнкү күнгө карата ЖРТдан өтүү үчүн 42 817 бүтүрүүчү каттоодон өттү, бүгүндөн тартып алар ЖРТны тапшыра башташат.

Количество просмотров: 191