• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026
BIRMINGHAM, ENGLAND — AUGUST 23: Under 48kg J1 visually impaired world bronze medallist, Khaiitkhon Khusan Kyzy of Kyrgyzstan at the IBSA World Judo Games on August 23, 2023 in Birmingham, England. (Photo by David Finch/Getty Images)

 Дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Пара Азия оюндарынан алтын утту

23 Тогуздун айы 202316:33 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык дзюдочу Хайитхон Хусан кызы Кытайда өтүп жаткан Пара Азия оюндарынан алтын медаль утту.

48 килограмм салмакка чейинки категориядагы спортчу финалда япониялык атаандашы Хангаи Шизуканы жеңип, 1-орунду ээледи.

20-октябрдан 30-октябрга чейин Кытайдын Ханчжоу шаарында Азия паралимпиада оюндары өтүүдө. Ага Кыргызстандан спорттун 7 түрүнөн (жеңил атлетика, пауэрлифтинг, теннис, сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 29 спортчу кеткен.

Количество просмотров: 78