• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Эки авиакомпания Бишкек-Ош каттамына билетти 4 миң сомдон ашырбайт

13 Бештин айы 201710:21 Бишкек Govori.TV

“Тез Жет” жана “Авиа трафик” авиакомпаниялары 1-декабрдан тарта авиабилеттерге бааны 4 миң сомдон ашырбоого макул болушту, “Эйр Манас” азырынча макул болбой жатат деп билдирди транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Жогорку Кеңеш жыйынында.

Депутат Азамат Арапбаев авиакомпанияларга авиакеросинге болгон акцизден бошотулуп, бир топ жеңилдиктер берилгенине карабастан билеттер кымбаттап жатканын айтып, авиакомпанияларга министрлик таасир эте алабы деп сурады.

Министр Калилов авиакомпанияларга министрликтин таасир этүүчү жолдору бардыгын айтты.

Количество просмотров: 23