Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат “коррупционерлерден” 63. 758 млн. сом кайтарды
Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат “коррупционерлерден” 63. 758 млн. сом кайтарды
31 Теке 201817:10 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.07.2018. Govori.TV
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат атайын эсепке 63 млн 362 миң сом которду. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат кызматкерлери кабарлады.
Анда белгилүү болгондой, Өкмөттүн 2018-жылдын 22-июнундагы № 298-Токтомуна ылайык, эконмоикалык кылмыштардын бетин ачуу жана алдын-алуу иш чараларынын негизинде бюджетке кайтарылган каражаттарды аталган кызмат атайын эсепке которгон.
Эске сала кетсек, Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешинин жыйынында коррупцияга каршы кескин күрөш жүргүзүү чечиминин кабыл алган.