• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-мэр Албек Ибраимовдун апасы митингге чыкты (видео)

15 Баш оона 2018 13:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек.15.08.2018.Govori.TV.
Бүгүн, 15-августта Жогорку соттун жанында Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун тарапташтары  митингге чыгышты.
Чогулгандар А.Ибраимовду бошотууну талап кылууда.
Митингде Ибраимовдун апасы Бүбажан Аалиева да бар. Ал баласы ак экенин айтты.
«Мен 40 жыл мектепте иштеп, балдарды тарбиялагам. Мен окуткан балдардын баардыгы эле Кыргызстанга жакшы, ак кызмат  кызмат өтөп жатышат. Менин балам деле ак эле иштеп келген, айылдагыларга жардам берчү. Үйгө чыгарып деле сурак кыла берсе болбойт беле. Чындык жокпу? Менин балам сынбайт эч качан», — деди Албек Ибраимовдун апасы.

Белгилей кетсек, бүгүн  соттук коллегия мурунку мэрди тергөө учурунда камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

 

 

 

 

Количество просмотров: 44