• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Ак үйдүн алдына депутат Мадумаровдун тарапташтары чогулду

9 Жалган куран 2022 18:47 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 9-мартта Жогорку Кеңештин имаратынын алдына «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары чогулду.

Алар Мадумаровго колдоо көрсөтүү максатында акцияга чыгышкан.

Буга чейин депутаттык комиссия Башкы прокурордун сунушуна макулдук берүүдөн баш тарткан. Корутунду парламенттин жыйынында жабык каралып, комиссиянын чечими ЖКнын депутаттары тарабынан колдоо тапты. Депутаттык комиссиянын төрагасы Айбек Осмоновдун айтымында, комиссиянын корутундусун 62 депутат колдоп берген.

Эске салсак, Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууну Башкы прокурор Курманкул Зулушев сунуштаган. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 2009-жылы Ош — Баткен — Исфана жолун оңдоого жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон.

Ишти иликтеп чыгуу үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Ага депутаттар Айбек Осмонов, Исхак Масалиев, Мурадил Сыдыков, Бахридин Шабазов, Динара Ашимова, Аманкан Кенжебаев, Азамат Исраилов кирген.

Количество просмотров: 333