• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Баткен окуясынын ардагерлери митингге чыкты

20 Кулжа 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Баткен окуясынын ардагерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгышты. Чогулгандар аларга макам берүү талабын айтышты.

 “Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана тыл эмгекчилеринин республикалык кеңеши” коомдук бирикмесинин төрагасынын орун басары Фахруддин Ювашевдин айтымында, акцияны Максим Горький атындагы аянтта өткөрүү пландалып, бирок уюштуруучулар баш калаанын муниципалитетинен жооп ала алышкан эмес.

«Биз Жогорку Кеңештин депутаттарына талабыбызды жеткирүү үчүн Ак үйгө келдик, бизге макам берилсин», — деген ал.

Количество просмотров: 111