Бүгүн 7-мартта экс-президент Роза Отунбаевага “Ата Мекен” партиясы алтындан жасалган төш белгисин тапшырды. Ошондой эле экс-депутат Аида Саляновага “бийлик мандатын алса, партия төш белги тапшырат» деп майрамы менен куттуктады.
Белгилей кетсек бүгүн “Ата Мекен” партиясы айымдарды келе жаткан 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктап майрамдык кече уюштурду.
Майрамдык кечеге экс-президент Роза Отунбаева баштаган депутаттар, коомдук ишмерлер, саясатчылар, жактоочулар, журналисттер ж.б. чакырылган.