Бишкек.14.03.2018.Govori.TV
Бишкекте экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Бешик ыры» жаңырды.
Белгилей кетсек, бүгүн 14-мартта борбордо экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен «Бешик ыры» республикалык сынагынын жыйынтыктоочу салтанаттык иш чарасы өтүп жатат.
Эске салсак, бул сынакка өлкөнүн ар кайсы аймагынан 47 талапкер 55 ыр менен катышкан. Алардын 19 пенсия курагындагы апалар болсо, 21 мугалимдер. Бала бакча тарбиячыларынан 6, ар кандай кесиптин ээлеринен 6, маданият үйүнүн кызматкерлеринен 4 айым катышкан.