• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Электр станциялары» ишканасынын башчылары Кыдырбаев, Бримкулов кармалды

4 Чын куран 2018 10:43 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында «Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы Рахат Сулайманов билдирди.
УКМК 2-апрелде Бишкек ЖЭБинин, «Электр станциялары» ААКынын жана «Улуттук энерго холдинг» ААКнын бир топ кызматкерлерине Кылмыш жаза кодексинин 221 («Коммерциялык жана башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктардан аша чабышы») беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш ишин козгогон.
Кыдырбаев менен Бримкулов ушул кылмыш иши боюнча айыпталууда.
Коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдиргендей, бул кылмыш иши Бишкек ЖЭБдеги авария боюнча 30-январда Башкы прокуратура козгогон кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп алынган.
Узак Кыдырбаев жана Темирлан Бримкулов учурда УКМКнын тергөө жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө уланууда
Количество просмотров: 32