Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаевди УКМК камакка алды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Узак Кыдырбаев кечээтен бери УКМКда сурак берип жаткан. ЖЭБди модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкулов чакыртылган. Алар кечээки түндөн бери УКМКда кармалууда. Алар ЖЭБдеги авария боюнча суралууда.
Мурдараак УКМК «Электр станциялары» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев жана техникалык директору Алмаз Жусупбеков камакка алынган.
Эске салсак, Узак Кыдырбаев кызматка 2017-жылы 3-июлда ЖЭБдеги авариядан алты ай мурун дайындалган.