Бишкек. 01.08.2018. Govori.TV
“Электр станциялары” ААКсы Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу боюнча тендердин жыйынтыгын чыгарып, анда кымбат баа сунуштаган ортомчу компанияны тандап алды. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталынан көрүүгө болот.
Анда энергетикалык иш кана Бишек ЖЭБине көмүр ташууга 1 миллиард 440 миң сом бөлүп, бул суммага макул болгон компаниялар ортосуна тендер жарыялаган. Жыйынтыгында, 400 тонна Д, ДГ жана Г маркасындагы көмүр ташып келүү кызматын 1 млрд. 206 миң сомго баалаган “Евротранс” ТООсу эмес, ушул эле көлөмдөгү көмүрдү ташууну 1 млрд. 420 миң сомго баалаган “Рассвет компани” ЖЧКсын жеңүүчү деп тапкан.
Эске сала кетсек, аталган компания акыркы 6 жылдан бери “Электр станциялары” ААКсынын туруктуу жеңүүчүсү болуп саналат.