Бишкек.04.04.2018.Govori.TV
«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Улук Кыдырбаевди УКМК суракка чакыртты. Бул тууралуу УКМКдагы өздүк булактар билдирди.
Суракка ошондой эле ЖЭБди модернизациялоо тобунун башчысы Темирлан Бримкулов чакыртылган. Алар кечээки түндөн бери УКМКда кармалууда. Алар ЖЭБдеги авария боюнча суралууда.
Мурдараак УКМК «Электр станциялары» ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев жана техникалык директору Алмаз Жусупбеков камакка алынган.