«Кадичанын ролу үчүн сүрөт жөнөтүүнү сурашканда аябай толкундандым. Себеби бул мен үчүн жаңы роль, жаңы нерсе! Чыдамсыздык менен жооп күтүп жаттым. Өзбек киносунун көркөм кеңеши мени бул орунга бекиткенде сүйүндүм.Мындан сырткары эмне үчүн Асел эмес? Анткени мен бир гана амплуада туруп калгым келбейт. Түрдүү нерселерди, кызыктуу образдарды жаратып, өскүм келет. Менин потенциалым толугу менен ачыла элек. Көп нерсени үйрөнүшүм керек. Иштешим керек. Бул тасмада роль жаратып жаткандар өздөрүнүн ордунда деп ишенем. Команданын мүчөсү болгонума кубанычтамын. Азыр ролум үчүн тынчсызданып жатам. Бардыгын экрандан көрүңүздөр»- деп жазган.
«Биздин «баатыр», духу күчтүү эркектер, келгиле жалган патриот болууну токтотолу. Кыргызстан менен Өзбекстандын биргеликте жасап жаткан алгачкы эмгегине кубаналы. Бул башталышы деп гана ойлойм. Мен эки элдин достугун колдойм жана мени колдогон жолдошума жана жакындарыма ыраазычылык билдирем» -деп жазат актриса.
https://www.instagram.com/p/Bk9kza2Hdvp/?taken-by=elina.abaikyzy