• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эрдоган Өзбекстанда айылчылап жүрөт

1 Бугу 2018 9:22 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01. 05. 2018. Govori.TV
Түркиянын Президенти Өзбекстандагы сапарынын аягына чыга элек. Эл аралык ММКлар президенттер Шавкат Мирзиёев менен  Режеп Тайып Эрдогандын жаңы деңгээлдеги достугу менен  эки өлкөнүн кызматташтык боюнча келишимдерин талкуулап бүтпөй жатат.
Анда негизинен эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрү  экономика, соода-сатык, транспорт, байланыш, өндүрүш, энергетика, илим жана маданият, туризм тармактары боюнча биргелешип ишке ашыруучу 24 документке кол коюлса, ишкерлер чөйрөсү рекорддук чекке жетип, 60ка чукул инновациялык долбоорлор үчүн 3 млрд. доллардан ашык суммадагы келишимдерге  келишкени айтылат.
Эжигейдей эзилген эки президенттин мындай мамилесине дүйнө коомчулугу көз салып турган чакта, Эрдоган бүгүн Бухара шаарына келип, эл алдында эмгекчилер үчүн сөз сүйлөй турган болууда.
Количество просмотров: 10