8 августа саат 09.00дө Бишкек шаардык кеңештин депутаттары жаңы мэрди шайлашат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.
Ошол эле учурда, мэриянын алдына бир катар активисттер каршы акциясын өткөрүшөт. Алардын талабы боюнча мэр кызматына келе турган А. Суракматовду татыксыз деп эсептешет.
Копчулук активисттердин ою боюнча мэрди, чондор эмес, шаар тургундары тандап алышы керек. Мындай чечимге каршы, шаар тургундарын мэриянын алдына чогулууга үндөп жатышат.
Бишкек шаарынын мэринин кызматына документтерди тапшыруу мөөнөтү 31-июлда аяктап, Азиз Суракматовдун арызы кабыл алынган.Анын талапкерлигин Бишкек шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция көрсөткөн. Коалицияга кирбеген “Республика – Ата Журт” талапкер чыгарбай турганын билдирген. Атаандашсыз мэр шайлоо жараяны коомчулукта нааразы пикирлерди жаратууда.