Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси дүйнөлүк чемпионаттын тайпалык 1-турунун Сауд Аравия менен болгон беттешинде (1:2) улуттук командасы утулгандан кийин билдирүү жасады. Бул тууралуу Daily Express басылмасы жазды.
«Эч кандай шылтоо жок. Биз мурдагыдан да ынтымактуу болобуз. Бул команда күчтүү жана аны көрсөтүштү. Бул биз көптөн бери жолукпаган абал. Эми Аргентина курама командасы биздин чыныгы команда экенибизди көрсөтүшү керек. Биз каталарыбызды оңдоп, максатка жетүү үчүн аракет кылышыбыз керек. Мен жакшымын, бирок натыйжага капа болдум», — деген Месси.
Эске салсак, 22-ноябрда Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Аргентина менен Сауд Аравиянын курама командалары беттеш өткөрүп, 1:2 эсебинде Сауд Аравиянын курамасы жеңген.
Эки команда тең С тайпасында жайгашкан жана тайпадагы беттеш өткөргөн алгачкы курамалар.
Белгилей кетсек, С тайпада Мексика жана Польшанын командалары дагы бар.