• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Месси «Барселона» клубунан кетпейт

5 Аяк оона 2020 9:12 Бишкек Govori.TV

«Барселона» клубунун легендарлуу оюнчусу, аргентиналык футболчу Лионель Месси “Барселона” клубунда кала турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

«Мен соттук процесстерге катышпаш үчүн клубда калууну чечтим. Мен клубдан кетеримди үй-бүлөмө айтканда, баары ыйлашты. Балдарым дагы Барселонадан кеткиси жок. Алардын ыйлаганы мен үчүн аябай кыйын болду. Клубда калуумдун бирден бир себеби ушул», — деп билдирген Месси.

Белгилей кетсек, буга чейин спортчу “Барселона” клубунан кетээрин айткан.
Көп өтпөй бул маалыматты «Барселона» клубу АР басылмасына расмий түрдө тастыктаган. Бирок клуб аргентиналык футболчуну бул оюнан кайтаруу аракетин көрүп жаткан.

Количество просмотров: 62