• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Месси “ПСЖ” үчүн алгачкы голун киргизди

29 Аяк оона 202114:55 Бишкек Govori.TV

Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын экинчи турунда “ПСЖ” командасы “Манчестер Сити” менен оюн өткөрдү. Оюндун 8-мүнөтүндө Гейе гол киргизсе, 74-мүнөттө Лионель Месси “ПСЖ” командасынын катарындагы алгачкы голун жаратты.

Беттеш 2:0 эсебинде франциялык команданын жеңиши менен аяктады

Бул беттеш Мессинин «ПСЖнын» катарына киргенден бери төртүнчү оюну болуп саналат.

Эскерте кетсек, аргентиналык футболчу Лионель Месси 2021-жылдын жай мезгилинде “Барселона” клубунан “ПСЖ” командасына өткөн.

Количество просмотров: 170