• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Месси «ПСЖ» клубуна өттү

11 Баш оона 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Лионель Месси расмий түрдө Франциянын «Пари Сен-Жермен» («ПСЖ») футбол клубунун оюнчусу болду.

Футболчу Лионел Месси менен франциялык клуб «2+1» деген негизде келишим түзүүнү макулдашкан. Башкача айтканда, келишим 2 жылга түзүлүп, кийин аны дагы бир жылга узартууга болот. Ал жаңы клубда жыл сайын 35 млн евродон алып турат.

8-августта Месси «Барселона» клубунан кетип жатканын билдирип, маалымат жыйын өткөргөн. Клуб Испания чемпионатынын регламентинде каралган эрежелерден улам келишимди узарта алган эмес. 

Белгилей кетсек, ПСЖ футбол клубунда бразилиялык Неймар, испаниялык футболчу Серхио Рамос дагы ойнойт.

Количество просмотров: 159