• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эгемендүүлүк майрамы. Аянттагы концертте кайсы ырчылар ырдайт?

31 Баш оона 202411:37 Бишкек Govori.TV

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бүгүн Ала-Тоо аянтында концертке келе турган ата мекендик жана чет элдик өнөрпоздордун тизмесин жарыялады.

Белгиленгендей, өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүн жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоо саат 20:00дө башталат жана дрон шоу менен коштолот.

Концертке кыргыз эстрадасынын артисттери Мирбек Атабеков, Нурлан Насип, Гүлнур Сатылганова, Гүлзинат Суранчиева, Омар катышат. Конок катары казакстандык аткаруучу Роза Рымбаева, орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Люся Чеботина, Филипп Киркоров, швециялык “Боссон” тобу жана италиялык артист Ин-Грид чакырылган.

Количество просмотров: 149