• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Майрамда 501 бала жоголуп, кайра табылды

1 Аяк оона 202410:41 Бишкек Govori.TV

Кечээ 31-августта эгемендүүлүк майрамы Кыргызстандын бардык аймактарында белгиленди.

КР Ички иштер министрлиги борбордун Ала Тоо аянтында өткөрүлгөн Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгын жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган майрамдык салтанатта 5000ден ашуун милиция кызматкерлерин коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоого тарткан. Бул тууралуу ИИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Майрам учурунда 501 бала жоголуп, милиция кызматкерлери тарабынан табылып, бардыгы ата-энелерине кайтарылды. Жалпы коомдук коопсуздук сакталды, бардык иш-чаралар түнкү экиде аяктады. Башка терс окуялар болгон жок, — дейт ИИМ басма сөз кызматы.

Количество просмотров: 91