31-август күнү Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33 жылдыгына жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Ош шаарында бир топ майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.
Күндүзгү майрамдык иш-чаралар саат 9:00дөн тарта Т.Сатылганов атындагы эс алуу багында башталат. Мында жайкы театрдын ачылыш аземи, концерттик программалар, сүрөтчүлөр көргөзмөсү, 33 жаш баланын тушоо кесүү жөрөлгөсү жана улуттук спорт оюндары өтөт. Ошондой эле “Күз фест 2024” мөмө-жемиштер жарманкеси уюштурулат.
Майрамдык салтанаттын негизги бөлүгү кечки сегизде кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда Ош шаарынын борбордук аянтында чоң программадагы гала-концерт менен жыйынтыкталат.