• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Египеттин мурдагы президенти сот залында каза болду

18 Кулжа 20199:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.06.2019.Govori.TV.

Египеттин экс-президенти жана «Мусулман агайындары» ислам уюмунун мурдагы лидери Мохаммед Мурси анын тыңчылыкка тиешеси бар экендиги тууралуу кылмыш иши боюнча өтүп жаткан сот отуруму маалында каза болду. Бул тууралуу Би-Би-Си египет телеканалдарына шилтеме кылып билдирди.

Болжолдуу маалыматтар боюнча анын өлүмүнө инфаркт оорусу себеп болгон.

2015-жылы апрелде Мурси президент болуп турган кезде демонстранттарды камоого жана кыйноого буйрук берген деп табылып, 20 жылга соттолгон. Анда ага карата палестиналыктардын радикал «ХАМАС» тобу жана ливандык «Хезболла» уюму менен байланышта болгон деген да айыпталган.

Мохаммед Мурси 2012-жылы Египеттин тарыхындагы алгачкы демократиялык жана атаандаштык шартта өткөн президенттик шайлооодо жеңишке жеткен. Өлкөнүн ага чейинки президенти Хосни Мубарак «араб жазы» окуяларынан кийин бийликтен кеткен. 2013-жылы Мурси Египеттин Куралдуу күчтөрүнүн генералдары тарабынан бийликтен четтетилген. Анда өлкө жетекчилигине Абдул-Фаттах ас-Сиси келип, «Мусулман агайындарын» террордук уюм деп жарыялаган.

Количество просмотров: 165