• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды

7 Баш оона 2019 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.08.2019.Govori.TV.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу сот ишинде бир айлык тыныгуу жарыяланды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

7-августка белгиленген сот отуруму соттолуучулардын бири келбегенине байланыштуу болбой калды. Кийинкиси сентябрдын ортосунда өтөрү айтылды.

Отурумга катышпаган соттолуучу 16-июлда көз жарган. Анын адвокаты ымыркайы торолгончо териштирүүнү убактылуу токтото турууну өтүнгөн.

Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш иши 2018-жылдын ноябрь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Эгизбаев сууга чөгүп каза болгон жана ал эс алган пансионатта коопсуздук эрежелери сакталган эмес» деген тыянакка келген. Кылмыш ишинин негизинде эс алуу жайынын эки кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси («Коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды чыгаруу же сатуу, иштерди аткаруу же кызмат көрсөтүү») боюнча соттолууда.

Уланбек Эгизбаев 2018-жылы 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 20