• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Роза Отунбаева: Уялам… Биз бир топ маселелерде жер карап калдык…

12 Бирдин айы 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Биз бир топ маселелерде жер карап калдык, мен уялам! Мындай пикирин Кыргызстандын мурунку президенти Роза Отунбаева Бишкекте «Журналисттик иликтөөлөр фонду» уюштурган Уланбек Эгизбаев атындагы жыл сайын ыйгарылуучу сыйлыктын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде айтты.

Экс-президент өз сөзүндө «Журналист-иликтөөчүлөрдүн глобалдык тармагынын» аймактык редактору (Украина) Ольга Симоновичтин келгенин чоң жетишкендик катары баалады.

«Биз акыркы учурларда бир топ маселелерде жер карап калдык, тышкы иштер тарабында, билбейм мен… Уялып жатам бир топ маселелерден. Азыркы заманды түшунө турган, курч жазган адамдар бар экенине ишенем», — деди Отунбаева.

Количество просмотров: 198