Улан Эгизбаевдин баласына Белек деген ысым ыйгарылды
Улан Эгизбаевдин баласына Белек деген ысым ыйгарылды
11 Тогуздун айы 2018 15:54 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.10.2018.Govori.TV.
Маркум журналист Улан Эгизбаевдин уулуна Белек деген ысым ыйгарышты. Эске салсак, аялы 10-октябрда көз жарган. Жубайы Сапаргүл Абдинабиева уулун Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрдүн биринде жарыкка алып келген. Ал бүгүн фейсбууктагы баракчасына кубанычы менен бөлүшкөн билдирүү жазган. «Кокжалдын тукуму аман-эсен жарык дуйного келди. Бизди Улансыз жашоого ыраа корбогон Кудайга шугур. Аны жашартып бергендей. Учообуздун акыркы бирге тушкон суротубуз. Ичтеги балага жомок айтып, «Мага АТА статусун берчу- баатырым» деген атабыз да бизди карап кубанып жаткандыр. Ишеничинди актайм. Башаты ушул болсун»-деген Эгизбаевдин жубайы.
Ошондой эле бул үй-бүлөөнүн абалы менен таанышуу максатында мурунку президент Роза Отунбаева дагы барган. Экс- президент эне-баланын акыбалы менен таанышып, жакшы тилектерди айтып кеткен.