Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV.
«Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына карата козголгон кылмыш иши боюнча жараян 17-январда башталат.
Маалыматка ылайык, алгачкы жараян былтыр 3-декабрга коюлуп, бирок тараптар келбей калгандыктан 17-январга белгиленген.
Эске салсак, 28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү «Акун» пансионатында эс алып жүргөн кезде күтүүсүз каза болгон. Соттук-медициналык экспертизанын тыянагында «анын өлүмүнө сууга чөгүү себеп болгону” айтылган.
Журналисттин өлүмүнөн кийин пансионаттын жооптуу адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин 258-беренеси (шалаакылык) менен кылмыш иши козголгон.