• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Екатеринбургда 20 жаштагы кыргызстандык 16-кабаттан секирип кеткени айтылууда

8 Бештин айы 202016:56 Бишкек Govori.TV

Екатеринбург шаарында 20 жаштагы кыргызстандык жарандын сөөгүн Седова көчөсүндө жайгашкан көп батирдүү үйдүн алдынан 7-декабрда табышты. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар жазып чыкты.

Алгачкы маалыматка караганда, жигит 16-кабаттан секирип кеткен.

«Кыргызстандык 2019-жылы Екатеринбургга жумуш издеп келген. Ал Седова көчөсүндө, агасынын үйүндө жашачу. Анын сөөгү табылаарга чейин бир нече саат мурун жигит туугандарына СМС-билдирүү жөнөтүп, аларды жана сүйлөшкөн кызын абдан сагынганын, чек ара көптөн бери жабык тургандыктан, аларды көрө албай жүргөнүн жазган», — деп жазган маалымат каражаттары.

Количество просмотров: 79