• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Чүйдө жаш келин кичинекей үч баласын сатып жиберген деп шектелүүдө

25 Аяк оона 2023 11:55 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Сокулук районунда жаш келин үч баласын сатып жиберген деп шектелип кармалды. Бул утуралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга А.А. аттуу жаран кайрылып, Д.Н. аттуу мурдагы аялы балдарын көрсөтпөй жатканын билдирип, чара көрүүнү суранган.

Аталган факт каттого алынып, териштирүү иштери башталган.

«Териштирүү учурунда 2001-жылы туулган жаш келин 2021-жылы төрөгөн кызын Чүйдүн Москва районунун тургунуна, 2022-жылы төрөгөн уулун К. аттуу жаранга жана 2023-жылы төрөгөн кызын М. аттуу аялга сатып жибергени аныкталган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда бардык балдардын жүргөн жери аныкталып, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлдү», — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 298